Skip Navigation

National Geographic Society Este programa se distribuye en los Estados Unidos y Canadá por National Geographic y EHD. [obtenga más información]

DVD ilustrado plurilingüe

La biología del desarrollo prenatal




Пренаталдык өнүгүүнүн биологиясы.

.Кыргыз [Kyrgyz]


 

Descargar versión en formato PDF  ¿Qué es PDF?
 

Capítulo 1   Introducción

Активтүү процесс аркылуу зигота деп аталуучу җөнөкөй адам клеткасы 100 триллиондогон татаал, чоң клеткаларга айланышы җаратылыштын эң маанилүү феномени болуп кала берет.

Азыркы учурда окумуштуулар чоң адамдын денесиндеги, белгилүү тартипте аткарылып җаткан көптөгөн функциялар кош бойлуулук убагында эле калыптанаарын билишет - көбүнчө туулаардан кыйла мурда.

Бала төрөлгөнгө чейинки өнүгүү мезгили, даярдануу учуру сыяктуу болот, себеби өнүгүп келе җаткан бала, төрөлгөндөн кийин җашоого керек болгон көптөгөн түзүлүштөргө, практикалык ыктарга җана җөндөмдөргө ээ болот.

Capítulo 2   Terminología

Кош бойлуулук мезгили уруктануу болгондон баштап төрөлгөнгө чейин 38 җумага созулат.

Уруктануу болгондон кийин алгачкы сегиз җума ичиндеги баланын өнүгүүсү эмрбрионалдуу деп аталат, бул өзүндө өсүү дегенди түшүндүрөт. Мындай мезгил эмбриондук учур деп аталып, дене системасынын маанилүү бөлүктөрүнүн калыптанышы менен аныкталат.

Сегиз җума аяктагандан кийин төрөлгөнгө чейинки адамдын өнүгүүсү түйүлдүк җе феталдык деп аталат, бул төрөлө элек урук дегенди түшүндүрөт. Ушул феталдык деген учурда түйүлдүк барган сайын чоңойуп, анын системалары өз функцияларын аткара баштайт

Эмбриондук җана түйүлдүктүн җетилүү убактылары уруктануу болгон учурдан башталат.