Skip Navigation

National Geographic Society Este programa se distribuye en los Estados Unidos y Canadá por National Geographic y EHD. [obtenga más información]

DVD ilustrado plurilingüe

La biología del desarrollo prenatal


6 meses hasta el nacimiento


Пренаталдык өнүгүүнүн биологиясы.

.Кыргыз [Kyrgyz]


 

Descargar versión en formato PDF  ¿Qué es PDF?
 

Capítulo 43   5 a 6 meses (20 a 24 semanas): responde al sonido; cabello y piel; edad de viabilidad

24 җумага көзүнүн кабактары ачылып аны ирмей баштайт. Бул сыяктуу мамиле кыз түйүлдүктөрдө катуу җе капысынан болгон үнгө җооп берүү эртерээк байкалат.

Кээ бир изилдөөчүлөр мындай капысынан җе катуу чыккан үндөр түйүлдүктүн ден соолугуна терс таасирин тийгизип коерун айтышкан. Мындай терс көрүнүштөрдүн таасири , җүрөктүн согушунун тездеши, суюктукту көбүрөөк җутуп коюушу, абалынын өзгөрүшү менен белгиленет. Көп убакытка созулган терс таасирлер, мисалга, катуу үн дүлөйлүкө алып келет.

Түйүлдүктүн дем алуусунун тездиги минутасына 40 ичке дем тартуу, дем чыгаруу циклине барабар болот.

Кош бойлуулуктун үчүнчү триместринде тездик менен өсүп җаткан мээ түйүлдүк алган энергиянын 50% тен ашыгын иштетет. Мээнин салмагы 400дөн 500% ке чейин җогорулайт.

26 җумага көздөрү җаш бөлүп чыгара баштайт.

27 җумага каректери җарыка җооп бере баштайт. Өмүр өткүчөктү калган мындай реакция көздүн карегине җеткен җарыктын санын башкарып турат

Җыт сезүүгө керектелген бардык органдар иштей баштайт. Уруктануудан 26 җума өткөндөн кийин, изилдөөлөр боюнча эрте төрөлгөн балдар җыттарды айырмалай ала турганын аныкташкан.

Тондун ичине таттуу затты куюшканда түйүлдүктүн көбүрөөк суйуктукту җутуп җатканын байкашкан. Тескерисинче, ачуу зат куюлганда түйүлдүк азыраак суюктук җута баштаган. Түйүлдүктүн даам сезгени анын бетинин тырыштырганы менен коштолот.

Түйүлдүк бир нече басканга окшош аракеттерди җасап, тыбырчылайт

Кошумча майлар теринин астында җайланыша баштагандыктан, түйүлдүктүн тырыштары җоголо баштайт. Май дененин температурасын бирдей кармап турганга җана төрөлгөндөн кийинки җашоого энергия топтойт.

Capítulo 44   7 a 8 meses (28 a 32 semanas): discriminación de sonidos, estados de comportamiento

Кош бойлуулуктун 28чи җумасында түйүлдүк җогорку җана төмөнкү тондогу үндөрдү айырмалай баштайт.

30чу җумада дем алуу кыймылдары көбүрөөк болуп, орточо түйүлдүктө убакыттын 30-40% тин түзөт.

Кош бойлуулуктун акыркы 4 айында түйүлдүк бир түрдүү кыймылдарды җасап, мезгил-мезгили менен эс алат. Мындай абал нерв системасынын җогорулап өнүгүүсүнүн татаалдыгын көрсөтөт.

Capítulo 45   Las extremidades y la piel

32чи җумага җакын убакытта, чыныгы ал:веолдук җе болбосо аба җуткуч клеткалар өпкөдө өнүгө баштайт. Алар төрөлгөндөн кийин, 8 җыл бою калыптанат.

35чи җумада түйүлдүк колу менен катуу кармайт.

Түйүлдүктүн кандайдыр бир нерселерге урунушу бала төрөлгөндөн кийин, анын даам, татуу каалоолоруна таасирин тийгизет. Мисалга алсак, энеси суюк пинта болуп чыгаруучу анис деген затты тамак ашка колдонгондо, бала төрөлгөндөн кийин ошол затты талап кылганын көрсөткөн. Анис затын билбей төрөлгөн балдар андан баш тартышкан.

Capítulo 46   9 meses hasta el nacimiento (36 semanas hasta el nacimiento)

Түйүлдүк толгоону келтириш үчүн көп көлөмдөгү эстроген деп аталган гормонун бөлүп чыгарып, ошентип түйүлдүк җаңы төрөлгөн балага айланат.

Мындай кыймыл-аракет җатындын җыйрылуусу менен белгиленип, баланын төрөлүшүнө алып келет.

Уруктануу убагынан баштап төрөлгөнгө чейинки җана андан кийинки адам баласынын өнүгүшү абдан активдүү, көп убакытты талап кылган, татаал процесс. Азыркы мезгилдеги бул таң калаарлык процесс җөнүндөгү җаңы ачылыштардан, түйүлдүк кездеги өнүгүү адамдын ден-соолугуна өз таасирин тийгизээрин билдик.

Ошентип, адамдын түйүлдүк мезгилиндеги өнүгүшү җөнүндөгү түшүнүгүбүз кеңейген сайын, адамдын туулганга чейинки җана андан кийинки ден-соолугун чыңдоо дагы мүмкүн болот.
6 meses hasta el nacimiento